БУУ : "2023 - жыл Батыш Шериада палестиналыктар эң көп өлүмгө дуушар болгон жыл"

БУУ 2023 -  жылдын Израилдин кол салуусу астындагы Батыш Шериада жашаган палестиналык "эң көп өлүмгө учураган жыл" болгондугун билдирди.

2090965
БУУ : "2023 - жыл Батыш Шериада палестиналыктар  эң көп өлүмгө дуушар болгон жыл"

БУУ 2023 -  жылдын Израилдин кол салуусу астындагы Батыш Шериада жашаган палестиналыктар "эң көп өлүмгө учураган жыл" болгондугун билдирди. 

БУУнун Женевадагы кеңсесинин БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо кеңсесинин  (OCHA) маалыматтарына таянып Х социалдык платформасынан берген кабарында  2023 - жылдын  7 -  октябрынан  2024 -  жылдын  12 -  январына чейин Чыгыш Кудс да болгон Батыш Шериада  344  палестиналык өлтүрүлүп алардын 88 балдар экендиги билдирилди. 

Маалыматта : "2023 - жыл БУУ жоготууларды каттай баштаган  2005 - жылдан бери Батыш Шериадагы палестиналыктар үчүн өлүм эң көп болгон жыл болду",- деп айтылды. 

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары  7 -  октябрда  Израилге  "Акса топону" деп аталган кенен кол салуу баштагандыгын жарыялаган. Израиль армиясы да буга жооп катары аскердик учактар менен Газа тилкесине "Темир кылычтар" операциясын баштаганын билдирген. Чыңалууда  24 миң  600дөн ашуун палестиналык каза болду. 

 

 



Тектеш кабарлар