Хуситтер кайрадан чет элдик террористтер тизмесинде

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан хуситтердин террор тизмесине кошулушуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2090364
Хуситтер кайрадан чет элдик террористтер тизмесинде

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) башкаруусу Йемендеги хуситтер деп аталган Ансаралла тобун Кызыл деңиздеги кол салууларынан улам кайрадан «чет элдик террордук уюм» тизмесине киргизди.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан хуситтердин террор тизмесине кошулушуна байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Жейк Салливан өз билдирүүсүндө, хуситтердин Кызыл деңиздеги кеме соодасын үзгүлтүккө учураткан кол салууларынын америкалык кызматкерлерди да коркунучка салганын жана бул кол салууларга АКШ башкаруучулугу менен эл аралык коомчулуктун биргелешип каршылык көрсөткөнүн белгиледи.

Салливан: «Ушундай уланып жаткан кол салууларга жооп иретинде АКШ хуситтер деп аталган Ансаралланы Глобалдык өзгөчө террордук уюмдун тизмесине кошту», - деп айтып, хуситтер Кызыл деңиздеги чабуулдарын токтотушса, бул тизмеден бат эле чыгарыла аларын белгиледи.

Хуситтердин 30 күндөн кийин сөз болгон террор тизмесине кошула турганын белгилеген Салливан, «Йемендеги гуманитардык абалдын начарлашынын алдын алуу үчүн» бул багытта баа бергендерин баса белгиледи.

Хусийлер бул чечим менен Иммиграция жана Жарандык мыйзамы жана Президенттиктин 13224 номердүү Чет элдик террордук уюмдар жөнүндөгү токтомунун алкагында кайрадан «Глобалдык атайын террордук уюм» тизмесине кирет.

АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Хуситтер кылган иштери үчүн жооп бериши керек. Бирок мунун күчүн йемендик жарандардан чыгарбаш керек. Американын Мамлекеттик катчылыгы иш-аракеттерин аткарып жатканда Йемен калкына мүмкүн болуучу кесепеттерди азайтуу үчүн маанилүү кадамдарды таштайт»,-деп айтты.

Бул контекстте Блинкен тамак-аш, дары-дармек, күйүүчү май менен камсыздоо, жеке киреше, байланыш, порт жана аэропорт иштери үчүн атайын тилдердин үстүндө иштеп жатканын белгилеп, булардын Казына министрлиги тарабынан жарыялана турганын билдирди.

Блинкен Йемендеги хуситтер деп аталган Ансаралла уюмун 2021-жылдын 16-февралынан тарта чет элдик террордук уюмдардын тизмесинен чыгаргандарын жарыялаган. Сөз болуп жаткан чечимдин Йемендеги гуманитардык абалдын өтө начарлашынан улам кабыл алынганы белгиленген.

Хуситтер мурда Дональд Трамптын башкаруусунун акыркы күндөрүндө чет элдик террордук уюмдардын тизмесине кошулган.



Тектеш кабарлар