Бундестаг Украинага "Taurus" берүү сунушун четке какты

Сунушту 178 депутат колдосо, 485 депутат "каршы" добушун берди.

2090347
Бундестаг Украинага "Taurus" берүү сунушун четке какты

Немис депутаттары Украинага "Taurus" канаттуу ракеталарын берүү сунушун четке какты.

Бул сунушту Христиан-демократиялык союз менен Христиан-социалдык союздун (ХДС/ХСС) альянсы киргизген. 178 депутат сунушту колдосо, 485 депутат "каршы"добушун берди.

Der Spiegelдин кабарына караганда, "Жашылдар" жана "Көз карандысыз демократиялык партия" Украинага аскердик жардамды көбөйтүүнү, анын ичинде канаттуу ракеталарды берүүнү колдой тургандыктарын билдиришкен, бирок ХДС/ХССтин демилгеси бул теманы Германиянын ичиндеги саясий кызыкчылыктары үчүн колдонуу аракети катары түшүнүлгөн.

“Жашылдар” ошондой эле парламенттик коалицияны Украинанын Евробиримдикке жана НАТОго мүчө болуу арыздарын жактырбаганы үчүн сындашууда.

Бундестагдын депутаттарынын көпчүлүгү бул сунушту кабыл алган күндө да, Taurus берүү боюнча акыркы чечимди федералдык өкмөт кабыл алмак. Өкмөткө жакын булактар ​​администрациянын канаттуу ракеталарды жеткирүү чечимин кабыл алууга даяр эместигин, анткени Украина бул ракеталарды Орусиянын аймагындагы буталарды атууга колдонушу мүмкүн деп коркуп жатканын кабарлашууда.



Тектеш кабарлар