Батыш Украинаны куралдандырууну улантууда

Украина президенттик кеңсеси батыштык фирмалардын  санкцияларга карабастан Россияга 2,9 миллиард долларлык курал өндүрүүдө колдонулган тетиктерди экспорттогондугун  билдирди.

2090365

Украина президенттик кеңсесинин билдиргенине караганда  2023 -  жылы Россия импорттогон "курал жасоодо колдонулуучу материалдардын" көлөмү, согушка чейинки  деңгээлден төмөн эмес, башкача айтканда, болжол менен 90 пайызга туура келет.

Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак жана АКШнын Москвадагы мурдагы элчиси Майкл Макфолдун жетекчилигинде иликтөө жүргүзгөн иш алып баруу тобу ткомпаниялардын Россияга аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон материалдарды экспорттоодо санкциялардан качуу аракетин байкады.

Документке караганда "жок кылынган же колго түшүрүлгөн орус куралдарынан алынган үлгүлөрдө 250дөн ашуун батыштык компаниянын куралдары табылды".

Изилдөөгө катышкан Киев экономикалык окуу жайы Россияга таандык куралдарда  2800 чет элдик тетиктин табылгандыгын, изилденген куралдардын арасында Москванын Украинага абадан кол салууларында колдонгон гиперсоник Кинжал ракеталарынын да бар экендигин билдирди. 

Тектеш кабарлар