Замбияда холера эпидемиясына каршы эмдөө

Саламаттыкты сактоо министри Сильвия Масебо, эмдөө иштеринин алгач холера эпидемиясы күчөгөн аймактарда жүргүзүлөрүн билдирди.

2089792
Замбияда холера эпидемиясына каршы эмдөө

Замбияда 400гө жакын адам каза болгон холера эпидемиясына каршы эмдөө акциясы башталды.

Улуттук басма сөздө орун алган кабарларга караганда, холера эпидемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) тарабынан жөнөтүлгөн холера вакцинасы менен акция башталды.

Саламаттыкты сактоо министри Сильвия Масебо, эмдөө иштеринин алгач холера эпидемиясы күчөгөн аймактарда жүргүзүлөрүн билдирди.

Холера оорусунун акырындап азайып баратканын жана мунун жакшы жышаан экенин айткан Масебо, элди үй шартында өзүн-өзү дарылоону токтотуп, дароо ооруканага кайрылууга чакырды.

Масебо акыркы 24 саатта Лусакада 23 өлүм катталганын, алардын көпчүлүгүнүн 5 жашка чейинки балдар жана карылар экенин айтты.

Замбияда октябрдан бери холера эпидемиясынан 400гө жакын адам каза болду.



Тектеш кабарлар