Германияда калың жааган кардан улам айрым каттамдар токтотулду

Эскертүүдө Аахен, Кельн, Олпе жана Винтербергдин түштүгүндөгү бардык аймактардын жагымсыз аба ырайынан таасирлене турганы белгиленди.

2090035
Германияда калың жааган кардан улам айрым каттамдар токтотулду

Германияда калың жааган кардан жана муздан улам айрым каттамдар токтотулду.

Германиянын метеорология башкармалыгы (DWD) өзгөчө өлкөнүн орто жана түштүгүндө калың кар жаашы жана муз каптоонун күтүлүп жатканын жарыялады.

DWD Баден-Вюртемберг менен Бавария, Рейнланд-Пфальц, Саар, Гессендин көпчүлүк бөлүгү жана Түндүк Рейн-Весталия штаттарынын бир бөлүгү үчүн суук, калың кар жаап муз каптай турганын эскертти.

Өлкөнүн батышы менен түштүк-батышында башталган суук жана жаанчыл аба ырайы жолдордун тайгак болушуна алып келди.

Баден-Вюртемберг, Бавария жана Саар штаттарында авто жолдордогу муз каптоодон улам көптөгөн кырсыктар катталды.

Франкфурт аэропортунда түштөн тарта каттамдарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги айтылды.

DWD өлкөнүн түштүк бөлүгүндө, өзгөчө Түндүк Рейн-Вестфалияда калың кар жаай турганын эскертти.

Эскертүүдө Аахен, Кельн, Олпе жана Винтербергдин түштүгүндөгү бардык аймактардын жагымсыз аба ырайынан таасирлене турганы белгиленди.

Түрк аба жолдорунун (THY) Германиянын Франкфурт жана Мюнхен шаарларына айрым каттамдары жагымсыз аба ырайынан улам эки тараптуу түрдө токтотулган болчу.



Тектеш кабарлар