Сомалидеги кол салууда 3 киши каза болду
Коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алды.
2089380
Сомалинин борбор шаары Могадишодо жанкечтилик кол салуудан 3 киши каза болду.
Сомалинин Улуттук телеканалынын (SNTV) маалыматына караганда, борбор шаардын Хамарвейн районундагы кафеде жанкечтилик жилетин кийген адам бомба жардырды.
Жарылуудан улам окуя болгон жерде кеминде 3 адам каза болду.
Коопсуздук күчтөрү аймакты курчоого алды. Кол салуунун жоопкерчилигин али эч ким моюнга ала элек.