Путин менен Моди телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын президенттигинин Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин менен Моди телефон аркылуу сүйлөштү.

2088988
Путин менен Моди телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Орусиянын президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен БРИКС жана Украина маселелерин талкуулады.

Орусиянын президенттигинин Кремль сарайынан берилген маалыматка караганда Путин менен Моди телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Орусия-Индия карым-катнаштары, өзгөчө соода, логистика, экономика жана энергетика тармагы боюнча сүйлөшүлдү.

Сүйлөшүүдө Путин менен Моди «өз ара пайдалуу» эки тараптуу карым-катнаштарды мындан ары да активдештирүүнү каалашкандарын баса белгилешип, быйыл Орусия менен Индияда боло турган шайлоодо эки тарапка ийгилик каалашты.

Орусиянын быйылкы жылы мөөнөттүү төрагасы болгон БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) да сүйлөшүлгөн жыйында Моди Орусиянын БРИКСтеги иштеринин жана максаттарынын ишке ашуусуна колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Украина маселеси да өз ара бааланган сүйлөшүүдө байланыштарды улантуу макулдашылды.



Тектеш кабарлар