Реисинин Эл аралык Адилет Сотун адилеттикке чакыруусу

Реиси борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн Газа конференциясында сөз сүйлөдү.

2088457
Реисинин Эл аралык Адилет Сотун  адилеттикке чакыруусу

Ирандын президенти Ибрахим Реиси Израилдин Газага болгон кол салууларынан улам Эл аралык Адилет Сотунда (ICJ) коюлган доо боюнча соттун калыс чечим чыгаруусуна чакырды.

Реиси борбор шаар Тегеранда өткөрүлгөн Газа конференциясында сөз сүйлөдү.

Реиси: «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана сионисттик режим бул сотко таасир этүүгө аракет кылууда. Мен соттордун судьяларын Аллахтын, адамдык абийирдин жана тарыхтын алдындагы милдеттерин аткарууга чакырам. Бүткүл адамзат соттон адилеттүүлүк менен чечим чыгарышын күтөт»,-деди.

Израилдин Газага кол салууларында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтерин аткарбагандыгын сындаган Реиси: «Бул коркунучтуу киши өлтүрүүгө карабастан, Араб Лигасы жана Ислам Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык институттар АКШ менен Батыштын кысымынан улам эффективдүүлүгүн жоготту»,- деп айтты.

Түштүк Африка Республикасы 2023-жылдын 29-декабрында Израилдин Газага кол салууларынын геноцид конвенциясын бузганы менен Эл аралык Адилет Сотуна (ICJ) доо арыз менен кайрылып, Израилге карата алдын алуу чараларын көрүүнү талап кылган.

Соттордун чечимди жарыялоосуна милдеттендирген мөөнөтү жок, бирок Эл аралык Адилет Сотунун (ICJ) мурунку чечимдерине көз чаптырсак, геноцид сыяктуу шашылыш иштерди талап кылган иштерде бул мөөнөт бир нече жумага созуаары көрүнүп турат.



Тектеш кабарлар