Ооганстанда губернаторлукка жан кечтилик кол салуу болду

Ооган маалымат каражаттары кабарлагандай, кол салууда Нимруз губернатору Мухаммад Касим Халид бутага алынды.

2088476
Ооганстанда губернаторлукка жан кечтилик кол салуу болду

Ооганстандын түштүк-батышындагы Иран-Пакистан чек арасында жайгашкан Нимруз губернаторлугунда жанкечтилик кол салуу болду.

Ооган маалымат каражаттары кабарлагандай, кол салууда Нимруз губернатору Мухаммад Касим Халид бутага алынды.

Губернатор Халид видео билдирүүсүндө, губернаторлуктагы коопсуздук күчтөрү тарабынан байкалган жанкечтинин бомбаны үстүндө жардырганын жана кол салууда 3 коопсуздук кызматкеринин жараланганын белгиледи.

Губернатор Халиддин ден соолугунун жакшы экени байкалды.

Нимруз полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө кол салуунун иликтенип жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар