Сомали жакындарында АКШнын 2 аскери дайынсыз жоголду
АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Сомали жакындарында "операция" жүргүзгөн деңиз флотунун 2 аскери 11 - январь күнү кечинде деңизде жоголду.
2088246
Сомали жакындарында операция жүргүзгөн АКШнын деңиз флотуна таандык 2 аскер деңизде дайынсыз жоголду.
АКШнын Борбордук күчтөр командирлигинин (CENTCOM) жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда Сомали жакындарында "операция" жүргүзгөн деңиз флотунун 2 аскери 11 - январь күнү кечинде деңизде жоголду.
Аймакта издөө - куткаруу иштери баштатылып, издөө - куткаруу иштери акырына чыкканга чейин кошумча маалыматтын берилбей тургандыгы билдирилди. Жоголгон аскерлердин "түрдүү миссияларды колдоо үчүн АКШнын 5 - флотунун операция аянтына" жайгаштырылгандыгы тууралуу маалымат берилди.