Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайдын Хэнань провинциясында көмүр шахтасында газ жарылып, 10 жумушчу каза болду.

2088247
Кытайда көмүр шахтасында жарылуу болду

Кытайдын Хэнань провинциясында көмүр шахтасында газ жарылып, 10 жумушчу каза болду.

Кечээ түшкө маал Пингдиншан шаарындагы Tienan Coal ишканасына тиешелүү шахтада газ жарылуусу болду.

Жарылуу учурунда шахтадагы 425 жумушчудан  10 жумушчу каза болуп, 6 жумушчунун дайынсыз жоголгондугу билдирилди. 

Башка жумушчулар шахтадан аман-эсен чыгарылып, дайынсыз жоголгондорду куткаруу иштери уланууда.

Кытайда инфраструктурасы эски жана коопсуздук эрежелери талапка жооп бербеген шахталарда кырсыктар көп кездешет, бирок акыркы жылдарда текшерүүлөрдүн көбөйүшү менен алардын саны азайды. 

 

 



Тектеш кабарлар