Израилдин Газага карата кол салуусу

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7 - октябрдан бери карата кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 843кө жетти.

2088258
Израилдин Газага карата кол салуусу

Израилдин блокададагы Газа тилкесине 7 - октябрдан бери карата кол салууларында каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 843кө жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы жазуу түрүндөгү жарыясында Израилдин Газа тилкесине 99 күндөн бери уланып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израилдин Газа тилкесине жасаган кол салууларында акыркы 24 саатта 135 палестиналыктын каза болгондугу, 312 кишинин жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө Израиль күчтөрүнүн акыркы бир күндө «12 кыргын» жасаганы, 7 - октябрдан бери кол салууларда каза болгон палестиналыктардын саны 23 миң 843кө, жаралуулардын саны 60 миң 317ге жеткени маалымдалды.

Жалуулардын айрымдарынын  уранды астында же жол жээгинде экендиги, аларга тез жардам жана жарандык коргонуу топторунун жете албаганы билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар