Энтони Блинкен япон кесиптеши менен жолугушту

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер жолугушууга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

2088263
Энтони Блинкен япон кесиптеши менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен борбор шаар Вашингтондо Япониянын тышкы иштер министри Камикава Йоко менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер жолугушууга байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Блинкен менен Камикава глобалдык тынчтыкты, коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү колдоодо эки өлкөнүн “альянсынын” маанилүүлүгүн билдиришти, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды да талкуулашты.

Тараптар Россия  -  Украина согушунда Украинанын «эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн» ​​колдоо менен бирге  Тайвань кысыгы менен Түштүк Кытай деңизинде «туруктуулук жана тынчтыкты сактоонун» маанисин да сүйлөшүштү.

Блинкен Япониядагы Ното жарым аралы жана жакындарында  1 - 5 - январь күндөрү  болгон ;  күчү 5 жана 7 баллга чейин өзгөргөн жер титирөөлөр менен бирге  Ханеда аэропортундагы учак кырсыгына байланыштуу Камикавага көңүл айтты.

Япониянын борбору Токиодогу Ханеда аэропортунун учуу тилкесинде жүргүнчү учагы менен жээк коопсуздук учагы кагылышып,  учактар ​​учуу тилкесинде күйө баштаган. 

Жүргүнчүлөрдү ташыган учактагы 379 жүргүнчү жана экипаж аман-эсен эвакуацияланып, жээк коопсуздук учагындагы 6 кишинин бешөөсү каза болуп, учкуч да жараланган. 

 



Тектеш кабарлар