Шойгу жогорку тактыктагы ок - дарыларды көбөйтүү тапшырмасын берди

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Шойгу Москва облусундагы коргоо тармагында иш алып барган жана мамлекеттик буюртмаларды аткарган «Тактикалык ракеталык куралдар» заводуна барды.

2088125
Шойгу жогорку тактыктагы ок  - дарыларды көбөйтүү тапшырмасын берди

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өлкөсүндө жогорк тактыктагы ок  - дарыларды көбөйтүү жана аларды заманбапташтыруу тапшырмасын берди. 

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Шойгу Москва облусундагы коргоо тармагында иш алып барган жана мамлекеттик буюртмаларды аткарган «Тактикалык ракеталык куралдар» заводуна барды.

Заводдо жогорку тактыктагы курал өндүрүү процессин текшерген Шойгуга процесс тууралуу маалымат берилди. 

Шойгу ишкананын башкаруучулары менен өткөргөн жыйында өлкөсүндө жогорку тактыктагы ок  - дары өндүрүүнү арттыруу жана буларды заманбапташтыруу тапшырмасын берди. 

Россиянын президенти Владимир Путин өткөн жылы өлкөсүндө коргоо тармагындагы мамлекеттин буюртмаларын орундаткан ишканаларга ишенимдүү адамдардын дайындалышына уруксат берген жарлыкка кол койгон. 

 



Тектеш кабарлар