Нигерияда 86 террорист менен банда мүчөсү жок кылынды

Нигериянын Коргоо министрлигинин медиа операциялары боюнча директору Эдвард Буба жумалык маалымат жыйынында жасаган билдирүүсүндө, армиянын акыркы бир жумада өлкөнүн түндүгүндө ар башка штаттарда операция жүргүзгөндүгүн маалымдады.

2087928
Нигерияда 86 террорист менен банда мүчөсү  жок кылынды

Нигерия армиясы акыркы бир жумада жүргүзүлгөн операцияларда 86 террорист жана банда мүчөсүн жок кылды.

Нигериянын Коргоо министрлигинин медиа операциялары боюнча директору Эдвард Буба жумалык маалымат жыйынында жасаган билдирүүсүндө, армиянын акыркы бир жумада өлкөнүн түндүгүндө ар башка штаттарда операция жүргүзгөндүгүн маалымдады.

Буба операцияларда 86 террорист жана банда мүчөсүнүн жок кылынгандыгын,  101 террористтин кармалгандыгын, террористтерге таандык көп сандаган курал жана ок  - дарынын колго түшүрүлгөндүгүн белгиледи. 

Буба армиянын өлкөдөгү коопсуздук көйгөйлөрү менен күрөшүүдө чечкиндүү экенин айтып : "Ошондуктан, биз армия катары алдыда турган милдетти аткаруу үчүн эбегейсиз күч менен күрөшүбүздү улантабыз",- деди.

 Акыркы учурларда өлкөнүн түрдүү аймактарында куралдуу бандалар менен Боко Харам жана ДЕАШтын Батыш Африкадагы уландысы ISWAP  террордук уюмунун кол салуулары болууда. 

 



Тектеш кабарлар