АКШ жана Улуу Британиянын учактары Йеменге абадан чабуул коюшту

Йемендеги жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Америка жана Англиянын согуштук учактары түнү борбор калаа Сана, Худейде жана Таиз шаарларынын кээ бир жерлерине абадан кол салды.

2087968
АКШ жана Улуу Британиянын учактары Йеменге абадан чабуул коюшту

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Англияга таандык согуштук учактар ​​Йемендин бир нече шаарында кээ бир пункттарга абадан сокку урду.

Йемендеги жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, Америка жана Англиянын согуштук учактары түнү борбор калаа Сана, Худейде жана Таиз шаарларынын кээ бир жерлерине абадан кол салды.

АКШнын президенти Жо Байден да Кызыл деңизде кол салууларын уланткан хуситтерди бутага алган абадан чабуулдарга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Жо Байден өз билдирүүсүндө: «Бүгүн менин көрсөтмөм боюнча АКШнын аскерий күчтөрү Улуу Британия менен бирге Австралия, Бахрейн, Канада жана Нидерландиянын колдоосу менен Йемендеги хусит козголоңчулары колдонгон кээ бир буталарга абадан сокку урду»,-деп айтты.

Кол салуулардын хуситтердин Кызыл деңиздеги кыймылдарына жооп иретинде экенин белгилеген Байден, акыркысы 9-январда болгон жана хуситтердин Америка кемелерин түздөн-түз бутага алган бир катар кол салууларга эл аралык коалиция менен жооп бергендерин маалымдады.

«Йемендеги бул чабуулдар Америка Кошмо Штаттары жана союздаштарынын дүйнөнүн эң маанилүү соода жолдорунун бириндеги навигация эркиндигине коркунуч жаралышына, кызматкерлерибиздин бутага алынышына чыдабай турганыбыздын ачык билдирүүсү»,-деп сереп салган Жо Байден «зарыл болсо, мындан аркы чараларды көрүүдөн тартынбай турганын» баса белгиледи.

Англиянын премьер-министри Риши Сунак да жазуу түрүндөгү билдирүү жасап, эл аралык коомчулуктун көп жолку эскертүүлөрүнө карабастан хуситтердин Кызыл деңизде Англия жана АКШнын согуштук кемелерине кол салууну улантканын эске салды.

Сунак: «Бул кабыл алынгыс. Британия ар дайым навигация эркиндигин жана сооданын эркин агымын жактайт. Ошондуктан, хуситтердин аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратып, глобалдык жүк ташууну коргоо үчүн Америка Кошмо Штаттары, Нидерландия, Канада жана Бахрейндин операциялык эмес колдоосу менен бирге, бул кол салууларга байланыштуу бутага каршы өзүн-өзү коргоонун алкагында чектелген, зарыл жана пропорционалдуу чараларды көрдү»,- деди.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин болсо кол салууда хуситтердин учкучсуз учуучу аппараттары, баллистикалык жана канаттуу ракеталары, радар жана байкоо мүмкүнчүлүктөрү бутага алынганын белгиледи.

Америка медиасына билдирүү жасаган кээ бир жетекчилер, АКШ жана Улуу Британиянын армия күчтөрүнүн кеминде 12 хусит бутасына сокку урганын, кол салуулардын согуштук учактар ​​жана Томагавк ракеталары менен аткарылганын билдиришти.

Йеменде Иран колдогон хуситтердин Израилдин Газага чабуулуна жооп иретинде соода жолундагы кемелерге каршы кол салууларынан кийин көптөгөн жүк ташуучу компаниялар Кызыл деңиздеги саякаттарын токтотуу чечимине келген.



Тектеш кабарлар