Петтери Орпо өлкөсүнүн  Россия менен чек арасын жабуу чечиминин  1 айга узартыларын билдирди

Финляндиянын премьер  -  министри Петтери Орпо өлкөсүнүн  Россия менен чек арасын жабуу чечиминин  1 айга дагы узартыларын айтты.

2087612
Петтери Орпо өлкөсүнүн  Россия менен чек арасын жабуу чечиминин  1 айга узартыларын билдирди

Финляндиянын премьер  -  министри Петтери Орпо өлкөсүнүн  Россия менен чек арасын жабуу чечиминин  1 айга дагы узартыларын айтты.

Финляндиянын  коомдук телеканалы YLEге маек берген  Орпо чек аранын жабык болушу үчүн «жетерлик» маалыматка ээ эмес экендигин белгилеп : «Колумдагы маалыматтарга караганда Россияда өзгөргөн эч нерсе жок. Коркунучтун да өзгөрбөгөндүгүн ойлоп жатам»,- деп баа берди.

Россиянын Украинадагы аскердик операцияга байланыштуу «ачык белгилер жана коркутуулар» улантылган сайын чек аранын ачылбай тургандыгын белгилеген Орпо чек ара тууралуу өкмөт чыгара турган чечим тууралуу баа берүүлөрдүн улантылып жаткандыгын белгиледи.

Өкмөттүн жакынкы күндөрү чыгыш чек ара боюнча жаңы чечим чыгарары күтүлүүдө.

Хельсинкинин Москва "гибриддик операциясы" деп мүнөздөгөн качкындардан улам эки өлкөнүн ортосунда бир нече жумага созулган чыңалуудан кийин Финляндия 2023 -  жылдын 28 - ноябрында Россия менен чек арасын толугу менен убактылуу жапканын жарыялаган.

Орпо өлкөнүн Россия менен чыгыш чек арасындагы Ваалимаа жана Ниирала шаарларында эки көзөмөлдөө пунктун ача турганын билдирген.

Чек ара пункттары 15 - декабрда кыска мөөнөткө ачылса да жетекчилердин көп сандаган мигранттын өлкөгө киргендигин билдирүүсү менен  Хельсинки башкаруусу ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00да бул пункттардын 14 - январга чейин кайра жабыларын билдирген.



Тектеш кабарлар