Орусия-Түркия алакалары
Дмитрий Песков актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге билдирүү жасады.
2087135
Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын тынымсыз байланышта болушу керектигин айтып: «Бул байланыш эки тараптуу мамилелер үчүн маанилүү»,- деди.
Дмитрий Песков актуалдуу маселелер боюнча журналисттерге билдирүү жасады.
Орусиянын президенти Путиндин Түркияга пландалган сапарынын датасысынын азырынча тактала электигин белгилеген Песков, мунун дипломатиялык каналдар аркылуу аныктала турганын айтты.
Песков: «Путин менен Эрдоган тынымсыз байланышта болушу керек. Бул байланыш эки тараптуу карым-катнаштар үчүн маанилүү. Зарыл болгондо телефон аркылуу сүйлөшө алышат»,-деди.