Марокко Африка кубогун алууну каалайт

Марокко ишемби күнү  Кот-д'Ивуарда баштала турган турнирде мурдагы чемпиондор Конго Демократиялык Республикасы жана Замбия менен Ф тайпасында беттешет.

2087426
Марокко Африка кубогун алууну каалайт

Марокко Африка улуттар кубогуна  1976 - жылы биринчи жолу ээ болгон кезде  Марокко командасынын учурдагы машыктыруучусу Валид Реграги беш айлык болчу. 

"Атлас арстандары" деп аталган Марокко улуттук командасынын Африканы акыркы жолу жеңген күндөн тарта  48 жылдан кийин да экинчи кубокту утуп алууга аракет кыларын эч ким болжолдой алган эмес. 

Экинчи кубокко жакындаган учур Реграги оң коргоочу катары ойноп жана Туниске 2 - 1 эсебинде жеңилген 2004 Африка улуттар кубогунун финалында болду. 

Африка Улуттар кубогу Марокко үчүн жакшы болбосо да команда Катарда болгон  2022  дүйнөлүк чемпионатта жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, турнирде жарым финалга жогорулаган биринчи Африка жана араб командасы болгон.

Бельгия жана Хорватия да болгон топтон чыгышы мүмкүн эмес деп эсептелген Марокко мында ийгиликтүү болду жана Испания менен Португалияны оюндан чыгарып, жарым финалга чейин жогорулады. Жарым финалда Францияга жеңилген  команданын машыктыруучусу Реграги дүйнөлүк чемпионатта жетишкендиктеринин укмуштуудай болгонун жана Африканы дүйнөгө тааныткандарын айтты.

Дүйнөлүк чемпионаттагы  бул көрсөткүчтөрдөн кийин  жаңы ийгиликтерге жетишүү үчүн Мароккого дагы көп кысым жасалууда. Эксперттердин айтымында, Марокко курама командасы 2024  Африка Кубогунун фаворити экендигин белгилешүүдө. 

Марокко ишемби күнү  Кот-д'Ивуарда баштала турган турнирде мурдагы чемпиондор Конго Демократиялык Республикасы жана Замбия менен Ф тайпасында беттешет.

 

 



Тектеш кабарлар