Иран Оман деңизинде АКШ танкерин конфискациялады

Тесним маалымат агенттиги Иран армиясынын деңиз күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2087625
Иран Оман деңизинде АКШ танкерин конфискациялады

Иран Оман деңизинде конфискациялаган мунай танкеринин Америка Кошмо Штаттарына  таандык экендигин белгиледи.

Тесним маалымат агенттиги Иран армиясынын деңиз күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө : "Иран армиясы деңиз күчтөрү сооттун чечими менен Оман деңизинде бир АКШ мунай танкерин конфискациялады",- деп айтылды. 

Британиянын Деңиз соода операцияларынын билдирүүсүндө Оман булуңунда бир мунай танкеринин аскердик формадагы куралчан кишилер тарабынан колго түшүрүлгөндүгү белгиленген.

Омандын Сохар шаарынын жээгинен болжол менен 50 деңиз миль алыстыкта ​​болгон окуяда мунай ташуучу унаага аскердик типтеги кара форма жана кара беткап кийген 4 - 5 куралдуу  "уруксатсыз" кишилер тарабынан  бир  мунай танкеринде тинтүү жүргүзүлгөндүгү,  бул мунай танкерлери менен байланыштын үзүлгөндүгү жана  Иран жээгине багытталгандыгы маалымдалган. 

 

 



Тектеш кабарлар