ДССУдан Израилге чакырык салынды

ДССУнун башкы директору Израилди гуманитардык жардамдын жеткирилишине уруксат берүүгө жана Газага коопсуз өтүүнү камсыздоого чакырды.

2087136
ДССУдан Израилге чакырык салынды

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДСCУ) башкы директору доктор Тедрос Адханом Гебреисус Израилди Газага гуманитардык жардамдын жеткирилишине уруксат берүүгө жана «коопсуз өтүүнү» камсыздоого чакырды.

Гебреисус онлайн маалымат жыйынында: «ДССУ акыркы миссиябызды аткарган 26-декабрдан бери Газанын түндүгүнө өткөрүүнү пландаган 6 миссиясын жокко чыгарууга аргасыз болду, анткени биздин өтүнүчтөр четке кагылды жана өтүү кепилдиги берилген жок»,-деди.

Кечээ үчүн пландалган дагы бир миссиянын жокко чыгарылганын белгилеген Гебреисус, Газа калкына жардам жеткирүүдөгү жалгыз тоскоолдуктун жетүү мүмкүнчүлүгү экенин белгиледи.

Гебреисус интенсивдүү бомбалоолордун, кыймылдын чектөөлөрүнүн, күйүүчү майдын жетишсиздигинин жана байланыштын үзгүлтүккө учурашынан улам жардамдын жеткирилиши дээрлик «жеңе алгыс татаалдыкта» болгонун баса белгиледи.

ДССУнун башкы директору Израилди гуманитардык жардамдын жеткирилишине уруксат берүүгө жана Газага коопсуз өтүүнү камсыздоого чакырды.

Газада ок атышпоо чакырыгын кайталаган Гебреисус, тескерисинче болсо да жардам жеткирүү үчүн гуманитардык коридордун ачылышы керектигин баса белгиледи.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Күчөгөн кагылышуулардан көбү балдар болгон 24 миңге жакын палестиналык каза болду.



Тектеш кабарлар