БАЭ Косово жарандары үчүн визаны алып салды

Косово жарандары эми бул өлкөгө паспорт менен гана бара алышат.

2087559
БАЭ Косово жарандары үчүн визаны алып салды

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) Косово жарандары үчүн виза талабын жокко чыгарды.

Косово жарандары эми бул өлкөгө паспорт менен гана бара алышат.

Косовонун президенти Вийоса Османи социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүндө, визалардын жоюлушу тууралуу кабарды жарыялап, БАЭ президенти Мухаммед бин Заид Аль Нахайянга ыраазычылык билдирди.

Эки өлкөнүн ортосундагы визаларды жоюу келишиминин БАЭ кесиптеши менен өткөн айда өткөргөн жолугушууда жетишилгенин айткан Османи: « Бириккен Араб Эмираттарынын президенти Мухамед Бин Заидге Косово жарандары үчүн визаны алып салуу сунушумду кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирем. Өткөн айдагы жолугушуубузда жетишилген келишимге кол коюлуп, өлкөлөрүбүз менен жарандарыбыздын ортосунда көбүрөөк кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө жол ачылды»,-деди.

Косово жарандары үчүн Шенген аймагына визасыз барууга мүмкүндүк берген виза эркиндиги 2024-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди.



Тектеш кабарлар