Швеция куралдардын баасынын 5 - 10 эседен ашкандыгын билдирди

Украинага берилген куралдардын баасы согуш уланып жаткан  2 жылдын ичинде  5 - 10 эседен дагы өстү. Маалыматты Швециянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын төрагасы Майкл Классон билдирди.

2087083
Швеция куралдардын баасынын   5 - 10 эседен ашкандыгын билдирди

Украинага берилген куралдардын баасы согуш уланып жаткан  2 жылдын ичинде  5 - 10 эседен дагы өстү. Маалыматты Швециянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын төрагасы Майкл Классон билдирди.

Sveriges Radio менен маектешкен Классон : "Украинадагы аскердик аракеттер үчүн керек болгон ок -  дарылардын баасы согуштан мурдагы мезгилге караганда 5 - 10 эсе өстү",- деди. 

Куралдардын баасынын  көтөрүлүшүнүн себеби Европа армияларынын курал - жарак запастарын массалык түрдө жаңылоосу жана украин армиясын курал - жарак менен камсыздоо. Башкы штабдын төрагасынын  айтымында, мунун баары ок-дары рыногунда атаандаштыктын күчөшүнө алып келди.

21 - декабрда Украинанын мурдагы президенти Петр Порошенко украин армиясынын ок-дарылар менен учкучсуз учактарга олуттуу муктаж экенин билдирди. Порошенконун айтымында, украин башкаруусу  кампаларындагы он миңдеген курал механизмдерин колдоно албай жатат.

Өлкөнүн премьер  - министри Денис Шмигал буга чейин Украинада курал-жарак өндүрүүгө өтүүгө чакырып, батыштык союздаштардын мурдагыдай курал - жарак бере албай жатканына нааразы болгон.

9-10-январда башталган Стокгольмдо Folk och Försvar деп аталган коопсуздук конференциясы уланууда. Иш-чарага катышкандардын арасында Украинанын президенти Владимир Зеленский да бар. Украин лидери Киевди "Россиянын Украинага каршы жүргүзгөн  согушка каршы" колдоого алынышы керектигин баса белгиледи.  Зеленский Швециянын да бул колдоого чоң салым кошконун белгиледи.

Согуш башталгандан бери (2022-жылдын февраль) Стокгольм Киевге 2,6 миллиард евро жардам көрсөткөн. Мунун 1,9 миллиарды аскердик жардам. Швеция Украинага Арчер гаубицасын, Леопард 2 негизги аскердик танк, Карл Густаф гранатометторун жана башкаларды берген. 

 



Тектеш кабарлар