Израиль "Хизбулла" башчысы Бержи өлтүрүлгөн кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин аба күчтөрү тарабынан жасалган кол салууда Бержинин өлтүрүлгөндүгү кабарланды.

2086754
Израиль "Хизбулла" башчысы Бержи өлтүрүлгөн кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды

Израиль армиясы, Хизбулланын түштүк Ливандагы учкучсуз учуучу аппарат башчысы Али Хүсейин Бержи өлтүрүлгөн кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Израиль армиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин аба күчтөрү тарабынан жасалган кол салууда Бержинин өлтүрүлгөндүгү кабарланды.

Бержинин дрондор жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар аркылуу «Израилге каршы көптөгөн кол салууларды жетектегени» белгиленди.

Билдирүүдө ошондой эле, Израиль армиясынын Түндүк командирлигинин кечээ «Бержи уюштурган кол салуу менен бутага алынганы» айтылды.

Хизбулла кыймылы Али Хүсейин Бержинин каза болгонун кабарлады.

Times of Israel гезити болсо Хизбулланын командирлеринин бири Бержини ташыган унаанын Хирбет эс-Слим аймагында бутага алынганын жазган.

Израиль 2-январда Бейрутта Хамастын Саясий бюросунун башчысынын орун басары Салих ал-Арурини, дүйшөмбү күнү Ливандын түштүгүндө Хизбулланын жогорку даражалуу командирлеринин бири Висам Хүсейин Тавилди өлтүргөн.



Тектеш кабарлар