Японияда жер титирөөдө 206 адам каза болду

Исикава префектурасынын губернаторлугунан берилген маалыматта айдын алгачкы күндөрүндө көп санда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 206га жеткендиги билдирилди.

2086567
Японияда жер титирөөдө 206 адам каза болду

Япониянын батышындагы Исикава префектурасында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны  206га жетти. 

Исикава префектурасынын губернаторлугунан берилген маалыматта айдын алгачкы күндөрүндө көп санда болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 206га жеткендиги билдирилди. 

Маалыматта  22  аймакта  26 миң кишинин  400 эвакуация пунктунда калгандыгы жана жолдордун жабылышынан улам  3 миң 100 кишинин жол тыгынында калганы белгиленди.

Жалпы аймакта жер титирөөдө жараланган  567 кишинин дарыланып жаткандыгы белгиленип, кабар алына албаган 52 кишинин тагдырын аныктоого аракет кылынгандыгы тууралуу билдирүү берилди. 

Япониянын коргоо министри Кира Минори  6 миң  300 Өзүн өзү коргоо күчтөрүнүн катышкандыгын айтты.

Япония метерологиялык агенттигинин билдиргенине караганда  1 - 5 -  январь күндөрү Исикаванын Ното жарым аралы жана жакындарында күчү 5 - 7  баллга жеткен көп сандаган жер титирөө болгон. 

 



Тектеш кабарлар