"Газада байланыш желесинин 70 пайызы жок болду"

Исхак Сидир : «Израилдин Газа тилкесин бомбалоосунан улам байланыш тармагына келтирилген зыяндын көлөмү, бул тармактар ​​таянган инфраструктурага келтирилген зыяндан тышкары 70 пайыздан ашты»,-деди.

2086919
"Газада байланыш желесинин  70 пайызы жок болду"

Палестинанын байланыш  жана маалымат технологиялар министри Исхак Сидир Израилдин кол салууларынын натыйжасында басып алынган жана блокададагы Газа тилкесиндеги байланыш тармагынын 70 пайызынын жок кылынгандыгын айтты.

Исхак Сидир : «Израилдин Газа тилкесин бомбалоосунан улам байланыш тармагына келтирилген зыяндын көлөмү, бул тармактар ​​таянган инфраструктурага келтирилген зыяндан тышкары 70 пайыздан ашты»,-деди. 

Сидир Газа тилкесинде коопсуз кыймыл аймагынын жок экенине, ошондуктан так статистиканын азырынча жок экенине көңүл буруп, байланыш инфраструктурасы, суу жана электр линияларынын да кыйраганын баса белгиледи.

Командалардын кээде байланыш мунарасын оңдоого барганын, бирок мунара жайгашкан имараттын ордунда эмес экенин белгилеген Сидир, бул имараттардын Израилдин бомбалоосунда толугу менен талкаланганына көңүлдөрдү бурду. 

Палестиналык министр Газа тилкесинде жарым - жартылай болгон желелердин  ​​элдин муктаждыктарын канааттандыра албагандыгын жана байланыш тармагына келтирилген зыяндын толук калыбына келиши бир нече айга созулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Израилдин 7 - октябрдан бери ишке ашырган кол салуулары менен көп жылдардан бери блокада астында  болгон жана ыңгайсыз шарттардан жапа чеккен Газа тилкесине суу, азык - түлүк, дары - дармек, электр энергиясы жана күйүүчү май  үзүлүп, стационардык телефон, уюлдук телефон жана интернет байланыш кызматтары да тез-тез үзгүлтүккө учуроодо.

Бул процессте эң узун үзгүлтүк  14 -  декабрдан  тарта 4 күнгө созулду.  

Газа өкмөтүнүн басма сөз кызматы Израилдин Палестина элине карата  кол салууларынын башталышынан бери Газа тилкеси менен байланыш жана интернет тармактарын атайылап үзгөнүн белгилеп, Палестина элине каршы кылмыштуу кол салууларды дароо токтотууга чакырды. 

 



Тектеш кабарлар