АКШ жана Катардын өкүлдөрү Хамас менен Израилдин ортосунда жаңы туткун алмашуу аракетин талкуулашты

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) чыккан «Axios» кабар сайтына караганда аймактагы чыңалуулар жана Хамас менен Израилдин ортосунда жаңы туткун алмашууну жеңилдетүү аракеттери талкууланды.

2087090
АКШ жана Катардын өкүлдөрү Хамас менен Израилдин ортосунда жаңы туткун алмашуу аракетин талкуулашты

Америкалык жана катарлык расмий өкүлдөр Катардын борбору Дохада жолугушуп, Хамас менен Израилдин ортосунда жаңы туткун алмашуу аракетин талкуулашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) чыккан «Axios» кабар сайтынын аты аталбаган 3 булакка таянган кабарына караганда, АКШнын президенти Жо Байдендин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Бретт МакГурк менен Катардын премьер-министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Тани Дохада жолугушту.

Жолугушууда аймактагы чыңалуулар жана Хамас менен Израилдин ортосунда жаңы туткун алмашууну жеңилдетүү аракеттери талкууланды.

Маалыматтарга караганда, Ливандын борбор шаары Бейрутта Израил Хамастын жогорку даражалуу лидерлеринин бири Салех ал-Арурини өлтүргөндөн кийин Хамас тарабынан токтотулган сүйлөшүүлөр ушул жуманын башында кайрадан улантылды.

Бирок Вашингтон жана Доха администрациялары бул боюнча билдирүү жасаган жок.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түркия жана Грециядан кийин аймактык турунун алкагында Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ), Сауд Арабия жана Израилге барды. Блинкен кечээ Израилдин президенти Исаак Герцог, премьер-министр Нетаньяху, тышкы иштер министри Израиль Катц жана Согуш кабинетинин мүчөлөрү менен жолугушту.

Блинкендин Газадагы туткундарга байланыштуу Израилдеги чалгындоо мекемелеринин жетекчилери менен да жолугушууларды өткөргөнү маалымдалды.

Кечээ Газада кармалган кээ бир туткундардын үй-бүлөлөрү менен жолуккан Блинкен: «Калган барымтадагыларды үйлөрүнө алып келүүгө абдан көңүл буруп жатабыз»,-деди.

Хамастын аскердик канаты Иззеддин ал-Кассам бригадалары 7-октябрда «Палестиналыктарга жана ыйык баалуулуктарга, өзгөчө Масжид-и Аксага каршы тынымсыз бузууларга жооп берүү» деген негиз менен Израилге кеңири кол салуу уюштурган жана көптөгөн израилдиктер да туткунга алынган.

Катар менен Египеттин ортомчулугу менен 24-ноябрда 4 күнгө созулган жана андан кийин 3 күнгө узартылган Газадагы кагылышууда «гуманитардык тыныгуу» учурунда 81 израилдик жана 240 палестиналык туткун өз ара эркиндикке чыгарылган.

Хамастын колунда дагы 30дан ашуун израилдик туткун бар деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар