Израиль аскерлери палестиналыкты өлтүрүп унаа менен тебелеп кетти

Батыш Шерианын түндүгүндөгү Тулкерим шаарында 3 палестиналыктын кантип өлтүрүлгөндүгү коопсуздук камерасына чагылды.

2086096
Израиль аскерлери палестиналыкты өлтүрүп унаа менен тебелеп кетти

Израиль аскерлеринин, басылып алынган Батыш Шериада кечээ кечинде палестиналыкты атып өлтүрүп үстүнөн унаа менен тебелеп кеткендигин көрсөткөн видео жарыяланды.

Батыш Шерианын түндүгүндөгү Тулкерим шаарында 3 палестиналыктын кантип өлтүрүлгөндүгү коопсуздук камерасына чагылды.

Видеодо, Израиль аскерлери атып салган 3 палестиналыктын жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот. Атышуулар бир азга күчөгөндөн кийин Израиль күчтөрүнө таандык джиптер аймакка киришет.

Израиль аскерлерине таандык джип ок жеген палестиналыктын үстүнөн тебелеп кетет.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген маалыматта, кечээ кечинде Тулкеримдеги рейд учурунда израилдик аскерлердин аткан огунун натыйжасында Юсуф Али аль-Хули, Ахид Салман Муса жана Тарык Эмджед Шахиндин каза болгону билдирилди.



Тектеш кабарлар