Сауд Арабияга «Eurofighter» учактарынын сатылышы

Тышкы иштер министри Баербок Израилде президент Ицхак Герцог жана тышкы иштер министри Исраэль Катц менен өткөргөн жолугушууларынан кийин билдирүү жасады.

2085682
Сауд Арабияга «Eurofighter» учактарынын сатылышы

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок, немис өкмөтүнүн «Eurofighter» согуштук учактарын Сауд Арабияга сатууга каршы чыкпай турганын билдирди.

Германиянын DPA кабар агенттигинин маалыматына караганда, тышкы иштер министри Баербок Израилде президент Ицхак Герцог жана тышкы иштер министри Исраэль Катц менен өткөргөн жолугушууларынан кийин билдирүү жасады.

Сауд Арабиянын Йеменде хуситтер тарабынан Израилге атылган ракеталарды токтотуу менен Израилдин коопсуздугуна жана «аймактагы чыңалуунун жайылышынын» алдын алууга салым кошконун белгилеген Баербок: «Ушул себептен Германия өкмөтү Улуу Британиянын Сауд Арабияга көбүрөөк Eurofighters берүү пикирине каршы чыкпайт»,-деди.

Германия буга чейин Сауд Арабияга курал сатууга каршы чыгып келген.

Eurofighter Британия, Италия, Германия жана Испаниянын биргелешкен долбоору болгондуктан, согуштук учактарды сатууда Германиянын да уруксаты талап кылынат.



Тектеш кабарлар