Израиль армиясынын түнкү сааттардагы кол салууларында 15 палестиналык каза болду

Палестинанын маалымат агенттиги  WAFAнын маалыматына караганда Израиль учактары Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Дейр ел  -  Белах менен түштүктөгү Хан Юнус шаарынын чыгышында жайгашкан Ел  -  Менара мааласында жарандар жашаган 2 үйгө кол салды.

2085023
Израиль армиясынын түнкү сааттардагы  кол салууларында  15 палестиналык каза болду

Израиль армиясынын түнкү сааттарда Газа тилкесинин ортоңку бөлүктөрү менен түштүгүндөгү шаарларга жасаган кол салууларында кеминде  15 палестиналыктын каза болгондугу билдирилди. 

Палестинанын маалымат агенттиги  WAFAнын маалыматына караганда Израиль учактары Газанын ортоңку бөлүгүндөгү Дейр ел  -  Белах менен түштүктөгү Хан Юнус шаарынын чыгышында жайгашкан Ел  -  Менара мааласында жарандар жашаган 2 үйгө кол салды.

Кол салууда көпчүлүгү балдар болгон кеминде  15 палестиналык өлтүрүлүп, көп сандаган киши да жаракат алды. 

Бир тараптан Дейр ел - Белахтагы Акса шейиттери ооруканасынан алынган маалыматтар  жума күнү эртең менен түн ортосуна чейин ооруканага 35 «шейит» жана 60тан ашуун жаралуунун алып келингендигин билдирди.

Израилдин 2023 - жылдын 7 - октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында 9 миң 730 бала, 6 миң 830 аял болгон 22 миң 600 палестиналык каза болгон. Миңдеген кишинин да  урандылар астында экендиги билдирилип,  калк баш калкалаган ооруканалар жана билим берүү мекемелери бутага алынып жарандык инфраструктура талкаланууда.

Израиль күчтөрү түнкү сааттарда оккупация астындагы Батыш Шериадагы Наблус, Бейтуллахим, Селфит жана Кудста рейддерди жүргүздү. Палестиналыктардын үйлөрүнө зыян келтирген Израиль күчтөрү кеминде  3 жаш баланы камакка алды. 

 



Тектеш кабарлар