Газа калкынын  4 пайызы каза болду, дайынсыз жоголду же жараланды

Израилдин 7 - октябрдан бери үзгүлтүксүз абадан, кургактыктан жана деңизден кол салуулары Газа тилкесиндеги объектилердин жана инфраструктуранын болжол менен 70 пайызын кыйратты.

2085037
Газа калкынын  4 пайызы каза болду, дайынсыз жоголду же жараланды

Европа  -  Жер Ортолук деңиз Адам укуктарын изилдөө уюму  Euro-Medден берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Газа тилкесинин жалпы калкынын  4 пайызы тактап айтканда  90 миңден ашуун адам каза болду, жараланды же дайынсыз жоголду. 

Израилдин 7 - октябрдан бери үзгүлтүксүз абадан, кургактыктан жана деңизден кол салуулары Газа тилкесиндеги объектилердин жана инфраструктуранын болжол менен 70 пайызын кыйратты.

Euro-Medдин маалыматына караганда, 4 - январга карата Израилдин кол салууларында 30 миң 676 палестиналык, анын ичинде 28 миң 201 жаран каза болду.

Каза болгондордун 12 миң  40 балдар, 6 миң  103 аялдар, 241 медициналык кызматкер жана 105 журналист деп катталды. 

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген статистикага кошумча Euro-Medтин көрсөткүчтөрүндө Израилдин кол салууларынан кийин урандылардын астында калган же 14 күндөн ашык убакыттан бери кабар алына албаган жана  аман калуу үмүтү жок адамдарды да камтууда. 

Аймакта коопсуз баш калкалоочу жайдын жоктугунан болжол менен 1,9 миллион палестиналык жер которуп, 67 миң 946 үй толугу менен кыйрап, 179 миң 750 үй жарым - жартылай зыян тарткан.

Израиль Газа элин баш ийдирип, жерлерин бошотууга мажбурлоо үчүн ачкачылыкты курал катары колдонуп, аймакка гуманитардык жардамдын кирүүсүн  чектеп жатат.

Euro-Medдин маалыматына караганда, Израиль өч алуу жана жамааттык жазалоо үчүн мүмкүн болушунча көп адам өмүрүнө, материалдык жоготууга жана кыйроого алып келүү үчүн жарандык инфраструктураны атайылап бутага алууда.

 



Тектеш кабарлар