Индия Араб деңизине кеме, учак жөнөттү

Индиянын аймакка бир кеме жана күзөт учагын жайгаштырганы маалымдалды.

2084830
Индия Араб деңизине кеме, учак жөнөттү

Индия Либерия желектүү жүк ташуучу кемени барымтага алуу аракетинен кийин Араб деңизине кеме жана кайгуул учагын жайгаштырды.

Индиянын деңиз флотунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Араб деңизинде Либерия желектүү кеменин, куралчан 5 же 6 кишинин кемеге секиргени тууралуу Англиянын деңиз соода  операциялары порталына кабар бергени белгиленди.

Билдирүүдө кеменин жардам максатында башка жерге багыт алганы, бул боюнча Индиянын аймакка бир кеме жана күзөт учагын жайгаштырганы маалымдалды.

Аталган кайгуул учагынын эртең менен кеменин экипажы менен байланышка чыкканы жана кемедеги адамдардын аман-эсен экени кабарланганы, кайгуул учагы менен Индия деңиз флотуна таандык кеменин ал кемени коштогону белгиленди.

Барымта аракети үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар