Германияда ооруканада өрт чыкты

Өрт боюнча иликтөө иштери башталды.

2084972
Германияда ооруканада өрт чыкты

Германияда ооруканада чыккан өрттөн 4 киши каза болду.

Германиянын Гамбург шаарынын түштүк - чыгышында жайгашкан Уэлцен шаарындагы ооруканада белгисиз себеп менен өрт чыкты.

Өрттүн кыска убакыттын ичинде бейтаптардын бөлмөлөрүнө жайылгандыгын белгилеген полиция 3 кишинин окуя болгон жерде, 1 кишинин  жеткирилген ооруканада каза болгонун билдирди.

Кечээ кечинде болгон окуяда көп сандаган кишинин эвакуацияланганы белгилүү болду.

Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүү кызматы көпкө созулган аракеттерден кийин өрттү көзөмөлгө алды.

Өрт боюнча иликтөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар