Блинкенге каршылык көрсөтүлдү

Демонстранттар Блинкендин унаасына кызыл боёк төгүштү.

2084480
Блинкенге каршылык көрсөтүлдү

Палестинаны колдогон демонстранттар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин унаасына Израилдин Газага кол салууларында каза болгон жарандардын канын чагылдырган кызыл боёк төгүштү.

АКШнын Израилге аскердик жардамына жана Тель-Авив башкаруучулугунун Газада карапайым калкты өлтүрүшүнө каршы чыккан активисттер, резиденциясынан чыгып баратканда Блинкендин кызматтык унаасына кызыл боёк ыргытышты. Конвойдун коштоосунда үйүнөн чыккан Блинкенге нааразы болгондор «уят» деп кыйкырып, Палестинанын желектери менен унаанын артынан бир канча убакыт чуркашты.

Демонстранттар ошондой эле Виржиния штатынын Маклин районундагы резиденциясынын маңдайына Блинкенге окшош колдору канга боёлгон мумияны да калтырышты. Митингчилер Блинкендин үйүнүн алдына да кызыл боек куюп, кандын көрүнүшүн жаратышты. Колундагы казан-аяктарды ургулап көңүл бурууга аракет кылган демонстранттар, Блинкенге «Газадагы өлүмдөрдү токтот» жана «Согуш кылмышкери» деп кыйкырышты.



Тектеш кабарлар