АКШда бомбардир учак кыйрады
Аба күчтөрүнө таандык "B-1B Lancer" бомбалоочу учагы конуу учурунда жерге кулап түшкөн.
2084762
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Түштүк Дакота штатында бир бомбардир учак кыйрады.
Эллсворт аба күчтөрүнүн базасынын билдирүүсүнө караганда, аба күчтөрүнө таандык "B-1B Lancer" бомбалоочу учагы конуу учурунда жерге кулап түшкөн.
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 17.50дө болгон кырсыкта 4 кишилик экипаждан эч ким жабыркаган жок.