Иранда жарылуу болду

Жарылууда 103 киши каза болду.

2083831
Иранда жарылуу  болду

Ирандын Керман провинциясында Касем Сулейманинин мүрзөсүнүн жанында болгон эки жардырууда 103 адам каза болду.

Ирандын мамлекеттик телеканалынын маалыматына ылайык, Төңкөрүш Гвардиясы армиясы, Кудс күчтөрүнүн командири Касы м Сулейманинин 2020 - жылдын 3 - январында  АКШнын Багдаддагы кол салуусунда  өлтүрүлүшүнүн 4 жылдыгына карата эскерүү болгон  жолдо бири биринин артынан жарылуу үнү угулду. 

10 минуталык аралыкта болгон эки жарылууда араларында 6 бала да болгон  103 кишинин каза болгондугу, 141 кишинин да жаракат алгандыгы белгиленди. 

Жаралуулардын айрымдарынын абалынын оор экендиги жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендиги билдирилди. 

Ирандын мамлекеттик телеканалы жардырууларды теракт деп жарыялады.

2020 - жылдын 3 - январында Багдадда АКШнын кол салуусунда каза болгон Сулейманинин өлтүрүлүшүнүн 4 жылдыгына карата эскерүү программалары уюштурулууда.

 

 



Тектеш кабарлар