Россиянын президенти Владимир Путин Белгород кол салуусунун "террордук кыймыл" экендигин айтты

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Украинадагы "атайын аскердик операцияда" орун алган аскерлер менен  Ново-Огарево президенттик резиденциясында жолугушту.

2083129
Россиянын президенти Владимир Путин Белгород кол салуусунун "террордук кыймыл" экендигин айтты

Россиянын президенти Владимир Путин 30 -  декабрда өлкөсүнүн Белгород шаарына жасалган кол салуунун "террордук кыймыл" экендигин белгилеп : "Мындай кылмыштар жазасыз калбайт",- деди. 

Кремлден берилген маалыматка караганда Путин Украинадагы "атайын аскердик операцияда" орун алган аскерлер менен  Ново-Огарево президенттик резиденциясында жолугушту.

Путин согушта жараланган аскерлер дарыланып жаткан Вишневский борбордук  аскердик клиникалык госпиталга барды.

Путин бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Белгород шаарына  30 -  декабрда кол салуу болгондугун эске салып : "Белгороддо болгондор  албетте террордук кыймыл. Бул жарандарга карата кол салуу",- деди. 

Буга жооп катары жогорку жогорку тактыктагы курал менен Украинадагы аскердик элементтерге карата кол салгандарын белгилеген Владмир Путин : "Мындай кол салууларды көбөйтөбүз. Бул жарандарга карата жасалган кылмыш жана мындай кылмыштар жазасыз калбайт",- деди.

Батыштын Украинага аскердик колдоо көрсөткөнүн белгилеген орус лидер : "Алар (батыштыктар) украиналыктардын колу менен өз маселелерин чечип жатышат. Бул кылымдар бою ушундай болуп келген жана азыр да болуп жатат. Украинанын өзү биздин душманыбыз эмес. Россияны жок кылуу стратегиялык жактан жеңүүнү каалагандар Батышта",- деди.  

Бул маселени Батыштын  жаратканын жана Украина аркылуу Россия менен согушуп жатканын баса белгилеген Путин: «Кылымдар бою Россияны жок кылууну максат кылышса да, биз аларды дагы ылдам жок кылабыз, маселенин маңызы Украина эмес, Украинанын колу менен  Россияны жок кылууга аракет кылгандар. Бирок алар бул иште ийгиликсиз болушат",- деди.  

Путин кагылышууну кыска убакытта Россиянын шарттарынын негизинде акырына чыгарууну каалагандарын белгилеп : "Түбөлүккө согушуу ниетинде эмеспиз Бирок позицияларыбызды да багындырууну ойлобойбуз",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар