Японияда жер титирөө болду

Жер титирөөдө каза болгондордун саны 48ге жетти.

2083020
Японияда жер титирөө болду
japonya deprem1.jpg
japonya deprem.jpg

Япониянын батышындагы Исикава аймагында  жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде кечээ болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 48 жетти.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин  маалыматына караганда, кечээ Ното жарым аралында жана батыштагы Исикавага жакын жерде күчү 5 баллдан  7 баллга  чейин жеткен бир нече жер титирөө болду.

Япониянын метеорологиялык агенттиги Исакава жээктери менен аймактын баарында эскертүүнүн жоюлгандыгын жарыялады. 

Жер титирөөлөрдөн кийин  автожолдордун урагандыгы, Ното жарым аралындагы Важима шаарында чыккан өрттн жакын жерлердеги 200гө жакын курулуштун зыян тарткандыгы билдирилди. Өрттүн көзөмөлгө алынгандыгы билдирилди.

Мамлекеттик телекөрсөтүү  NHKга таандык видеодо Важимада  7 кабаттуу бир имараттын капталына жаткандыгы байкалды. 

Исикава аймагынын губернаторлугу жер титирөөдөн  48 кишинин каза болгондугун билдирди. 

Жалпы аймакта 50 миңге жакын кишинин эвакуациялангандыгы жана түрдүү жерлерде уранды астында 14 кишинин  куткарылууну күтүп жаткандыгы аныкталды. 

Аймакта  19 медициналык мекемеде электр үзгүлтүгүнүн болгондугу билдирилип, маркет жана дүкөндөрдөгү продукциялар орун алган текчелердин бошогондугу байкалды. 

Премьер-министр Кишида Фумийо борбордук өкмөттүн аймакка кемелер менен жардам  жеткирүү үчүн даярдык көрүп жатканын билдирди.

Япониянын премьер-министри: "Убакыттын өтүшү менен кырсыктын таасири айкын болуп баратат. Адамдардын өмүрүн сактап калуу - убакыт менен жарышуу",- деди. 

 

 



Тектеш кабарлар