Путин: «БРИКСке 30га жакын өлкө кошулууну каалайт»

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын БРИКСте 2024-жылдагы төрагалык кызматын өткөрүп алуусу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2082793
Путин: «БРИКСке 30га жакын өлкө кошулууну каалайт»

Орусиянын президенти Владимир Путин 30га жакын өлкө БРИКСке (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) кошулууну кааларын билдирди.

Путин Орусиянын БРИКСте 2024-жылдагы төрагалык кызматын өткөрүп алуусу тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

БРИКСтин окшош саясаттары бар мамлекеттердин көңүлүн бурганын белгилеген Путин: «БРИКСтин 15-саммитинде бекитилген чечимге ылайык, БРИКС азыр 10 мамлекеттен турат. Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Аравия жана Эфиопия БРИКСке жаңы толук кандуу мүчө катары кошулду. Бул БРИКСтин аброюнун жогорулаганынын жана анын дүйнөлүк иштердеги ролунун күчтүү көрсөткүчү»,-деп өз баасын берди.

Путин Орусиянын БРИКСтеги мөөнөттүү төрагалыгы үчүн «Адилет глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту күчтөндүрүү» урааны менен колдоно тургандарына көңүл буруп:«Салттарды сактоо жана ассоциациянын мурунку жылдары топтогон тажрыйбасын жетекчиликке алуу менен, биз жаңы катышуучулардын бардык иш-чараларга адаптацияланышына көмөктөшүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз»,-деди.

БРИКСке кошулууну каалаган жаңы өлкөлөргө байланыштуу баа бериле турганын баса белгилеген Путин : «БРИКСтин көп өлчөмдүү күн тартибине тигил же бул жактан катышууну каалаган 30га жакын өлкөнүн даярдыгын баалайбыз»,-деп билдирүү жасады.

Путин мүчө өлкөлөрдүн эл аралык жана аймактык коопсуздукка байланыштуу чакырыктарга биргелешип эффективдүү жооп табууларына өзгөчө маани бере тургандарын белгиледи.

Владимир Путин 2024-жылдын октябрында Казанда өтө турган БРИКС саммитинин Орусиянын төрагалык мөөнөтүнүн «кулминациясы» болорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар