Японияда жер титирөө уланууда

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) билдирүүсүнө караганда, Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде 2 сааттын ичинде күчү 5-7,6 баллга жеткен 11 жер титирөө болду.

2082822
Японияда жер титирөө уланууда

Япониянын батышындагы Исикава префектурасында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде ар кандай чоңдуктагы жер титирөөлөр уланууда.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) билдирүүсүнө караганда, Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде 2 сааттын ичинде күчү 5-7,6 баллга жеткен 11 жер титирөө болду.

Билдирүүдө ошондой эле жергиликтүү убакыт боюнча саат 18.14 менен 22.11ге чейин аймакта 4-5 баллдык жалпы 20дан ашуун жер титирөө болгондугу билдирилди.

JMA ар кандай өлчөмдөгү силкүүлөр кийинки жумага чейин созулушу мүмкүн деп болжолдоодо.

Исикава префектуралык полициясы аймакта бир нече имараттын урап түшкөнүн, урандылардын астынан куткарууну күтүп жаткан 6 кишинин бар экени аныкталганын, Важима шаарындагы имаратта өрт чыкканын билдирди.

Жер титирөө бүткүл Исикавада, Япония деңизиндеги (Чыгыш деңизиндеги) Тояма, Фукуи жана Ниигата префектураларында, ошондой эле борбор Токиодо жана анын айланасында сезилген.

Жер титирөөлөрдөн кийин максималдуу бийиктиги 3 метрге жеткен цунами толкундарынын Ямагата, Ниигата жана Тояма жээктерине жеткени айтылды.

Министрлер кабинетинин башкы катчысы Хаяши Йосимаса өз билдирүүсүндө жээктеги Чика шаарында иштебей калган атомдук электр станциясында эч кандай аномалия байкалбаганын айтты.

Хаяши Япониянын өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн персоналынын Исикава префектурасынын губернаторлугунун талабы боюнча издөө жана куткаруу иштери үчүн аймакка жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Ядролук жөнгө салуу кеңешинин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн эпицентрине жакын Ниигата жана Фукуи провинцияларындагы атомдук электр станцияларында нормадан эч кандай бузулуулар табылган жок.

Ишикаванын Нанао шаарындагы Hokuriku Electric Power компаниясына таандык Нанао Ота Жылуулук электр борборундагы генераторлор токтотулганы кабарланды.

Аймакты тейлеген East Japan Railway компаниясына таандык Тохоку, Жоецу жана Хокурику жогорку ылдамдыктагы поезд линияларында көптөгөн кызматтар убактылуу токтотулду.

Япония өкмөтү борбор калаа Токиодогу премьер-министрлик имаратында чукул кырдаалга жооп берүү кеңсесин курганы жарыяланды.

Япониянын премьер-министри Кишида Фумио аймактагы зыянды аныктоо иштеринин уланып жатканын белгилеп, элди эвакуация чакырыктарына баш ийүүгө чакырды.

Япония деңизиндеги (Чыгыш деңизи) Түштүк Кореянын Гангвон провинциясынын жээгинде бийиктиги жарым метрге жеткен толкундар болгону кабарланган.



Тектеш кабарлар