АКШ Жер Ортолук деңизине жөнөткөн учак конуучу кемесин чыгарат деген айтымдар бар

Америкалык ABC News каналына билдирүү жасаган жана атын атагысы келбеген эки америкалык аткаминер, октябрь айынын ортосунан бери аймакта иштеп жаткан учак конуучу кеменин миссия көрсөтмөлөрүнүн жакында өзгөрөрүн билдирди.

2082806
АКШ Жер Ортолук деңизине жөнөткөн учак конуучу кемесин чыгарат деген айтымдар бар

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Израилге колдоо көрсөтүү максатында Чыгыш Жер Ортолук деңизине жөнөткөн USS Gerald R. Ford учак конуучу кемесин чыгара турганы айтылды.

Америкалык ABC News каналына билдирүү жасаган жана атын атагысы келбеген эки америкалык аткаминер, октябрь айынын ортосунан бери аймакта иштеп жаткан учак конуучу кеменин миссия көрсөтмөлөрүнүн жакында өзгөрөрүн билдирди.

Сөз болгон жетекчилер өлкөнүн инвентарындагы эң чоң жана эң жаңы учак конуучусу болгон USS Gerald R. Ford учак конуучу кемеси жана аны коштогон крейсерлер менен чабуулчу кемелердин «жакынкы күндөрдө» Чыгыш Жер Ортолук деңизинен чыгып, алар башында жайгашкан Вирджиния штатындагы Норфолк портуна кайра кайтып келерин белгилешти.

Ошол эле расмий өкүлдөр аймакта Израилди колдой турган көптөгөн кемелер жана крейсерлер дагы эле бар экенин жана Тель-Авивге колдоо көрсөтүү уланып жатканын кошумчалашты.

Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлигинен азырынча эч кандай билдирүү жок.

Израилдеги Yediot Ahronot гезитине таандык «Ynet» кабар сайтында АКШнын Тель-Авивге USS Gerald R. Ford учак конуучу кемесин жакынкы күндөрдө чыгараарын билдиргени белгиленди.

Кабарда Израилдин мындан кабатырланбаганы, АКШнын аймакта жетиштүү күч бар экенин Израилге жеткиргени, керек болсо кошумча кемелер да жибериле турганы белгиленди.

2023-жылдын 7-октябрындагы Хамастын чабуулдарынан кийин дароо АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Израилге жардам берүүгө даяр болуу үчүн учак конуучу флотту Чыгыш Жер Ортолук деңизине жөнөтүүнү тапшырган.



Тектеш кабарлар