Украина Россиянын кол салуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный Россиянын  негизги инфраструктураны, өнөр жай жана аскердик объектилерди бутага алгандыгын айтты.

2082254
Украина Россиянын кол салуулары тууралуу маалымат берди

Украинанын Башкы штабынын төрагасы Валерий Залужный Россиянын бүгүн интенсивдүү учкучсуз учуучу аппараттары   жана ракеталык кол салуулары менен негизги инфраструктураны, өнөр жай жана аскердик объектилерди бутага алгандыгын айтты.

Залужный социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө Россиянын Украинага учкучсуз учуучу аппарат жана ракеталык кол салууларды жасаганына көңүл буруп: «Негизги  инфраструктура, өнөр жай жана аскердик объектилерге кол салуу болду»,-деди. 

Орус армиясынын түн ичинде 36 «Шахед» үлгүсүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар  менен Украина аймагына кол салганына көңүл бурган Залужный Россиянын 18 Ту-95МС учагынан кеминде  90 канаттуу ракета учурганын белгиледи.

Россиянын  Курск аймагынан учккан Ту-22М3 учактарынын Украинанын түндүк жана борбордук аймактарына карай Х-22/Х-32 үлгүсүндөгү канаттуу ракеталарды учурганын белгилеген Залужный орус аскерлеринин Харьков аймагына С-300 башкарылуучу ракеталары менен кол салганына көңүлдөрдү бурду. 

Залужный билдирүүсүндө : «Душман оккупациядагы Крым менен Россиянын Курск жана Белгород аймактарынан С-300, С-400, Искандер-М да болгон эң аз 14 баллистикалык ракетаны учурду",-  деп билдирди.

Залужный : «Баштапкы аныктамалар боюнча бүгүн түнү менен душман Украинага каршы 158 абадан кол салуу унаасын колдонду. Аба күчтөрү башка бирдиктердин кызматташтыгында  ​​27 Шахед учкучсуз учуучу аппарат  жана 87 канаттуу ракетасын жок кылды»,-деди. 

 



Тектеш кабарлар