Палестинаны колдоо митингдери

Миңдеген демонстранттар үнсүз жүрүш өткөрүштү.

2082039
Палестинаны колдоо митингдери

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында Палестина менен тилектештик үчүн чогулган миңдеген демонстранттар кепиндүү наристелердин макеттери менен үнсүз жүрүш өткөрүштү.

Демонстранттар Таймс аянты менен Брайант Парктын ортосундагы 6-көчөдөн басып өтүштү.

Палестинаны колдоо үчүн чогулган миңдеген митингчилер «Ок атышууну азыр токтоткула!» деген сөздөр жазылган баннерлерди кармап, үнсүз жүрүш өткөрүштү.

Палестина менен тилектештик демонстрациясы Германиянын борбор шаары Берлинде да өттү.

Виттенбергплатц аянтына чогулган демонстранттар Палестинаны колдоп, Израилдин Газага кол салууларына каршы чыгышты.

Митингде Палестинанын желектери жана «Согуш токтосун», «Газада ар 10 мүнөт сайын 1 бала каза болууда», «Геноцидди токтоткула», «Биз эч качан көрмөксөнгө салбайбыз. Газа жашайт», «Ок атышууну азыр токтоткула» деген жазуулар менен баннерлер көтөрүлдү.

Демонстранттар «Палестинага эркиндик», «Жалгыз чечим - оккупацияны токтотуу» деген ураандарды чакырышты.



Тектеш кабарлар