Орусия Украинадагы чабуулдарын улантып жатат

Зеленский социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Орусиянын бүгүн эртең менен Украинанын аймагына карай катуу ракеталык чабуулуна сереп салды.

2082202
Орусия Украинадагы чабуулдарын улантып жатат

Украинанын президенти Владимир Зеленский, Орусиянын бүгүн эртең менен Украинанын аймагына 110дой ракета менен кол салганын кабарлады.

Зеленский социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө, Орусиянын бүгүн эртең менен Украинанын жерлерине карай катуу ракеталык чабуулуна сереп салды.

Орус армиясынын төрөт үйүн, билим берүү имаратын, соода борборлорун, батирлерди, үйлөр, соода кампалары жана унаа токтотуучу жайларды бутага алганын белгилеген Зеленский: «Киев, Львов, Одесса, Днепр, Харьков, Запорожье жана башка шаарларыбыз. Орусия бүгүн арсеналындагы дээрлик бардык нерсеси менен сокку урууда: Кинжал ракеталары, С-300 ракеталары, канаттуу ракеталар, учкучсуз учуучу аппараттар. Стратегиялык бомбардир учактары X-101/X-505 тибиндеги ракеталарды учурушту. Болжол менен 110 ракета учурулду, алардын көбү атып түшүрүлдү»,-деп айтты.

Кол салуулардын натыйжасында адамдардын каза болгонун жана жарадар болгонун маалымдаган Зеленский, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Президент Зеленский: «Террорчулардын кол салууларына сөзсүз түрдө жооп кайтарабыз. Өлкөбүздүн, ар бир шаардын, бүт элибиздин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн күрөшөбүз. Орус терроризми утулушу керек, так ушундай да болот»,-деп сереп салды.



Тектеш кабарлар