Грецияда аскердик машыктыруучу учак кырсыкка учурады

Кырсыкта аба күчтөрүндө  майор катары кызмат кылган  41 жаштагы учкучтун каза болгону билдирилди.

2081496
Грецияда аскердик машыктыруучу учак кырсыкка учурады

Грециянын Каламата шаарында бир аскердик машыктыруучу учактын кырсыкка учурашы менен учкуч каза болду. 

Грециянын аба күчтөрүнөн берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат  11:28де машыгуу учушун ишке ашырган Т  -  2E Buckeye учагынын  Каламата  аэропортуна кайтуу учурунда  кырсыкка учурагандыгы белгиленди. 

Кырсыкта аба күчтөрүндө  майор катары кызмат кылган  41 жаштагы учкучтун каза болгону билдирилди. 

Басма сөздө орун алган кабарда учкучтун  парашютун  ачууга убакыт таба албагандыгы билдирилди. 

Айрым маалымат сайттарында учакта жерге түшкөндөн мурда жарылуунун болгондугу ортого салынган. 

 



Тектеш кабарлар