Биллстрем Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясынын чечимине ыраазы

Биллстрем Х баракчасынан билдирүү жасады.

2081200
Биллстрем Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясынын чечимине ыраазы

Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстрем өлкөсүнүн Түндүк Атлантика келишимине (НАТО) кошулуусуна байланыштуу сунуштун Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясы тарабынан кабыл алынышына канааттанганын айтты.

Биллстрем өз билдирүүсүндө: «Швециянын НАТОго мүчөлүк арызынын Түркиядагы Тышкы иштер комиссиясы тарабынан бекитилишин кубаттайбыз. Мындан кийинки кадам парламенттин бул теманы добушка коюшу болот. НАТОго мүчө болууну чыдамсыздык менен күтүүдөбүз»,-деди.

Швециянын НАТОго кошулуусуна байланыштуу протоколду бекитүү боюнча мыйзам долбоору кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер комиссиясы тарабынан кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар