Украина аннексияланган Крымда Россияга таандык десанттык кемесинин жардырылгандыгын билдирди

Россия жана Украинанын ортосунда Крым жана айланасындагы кагылышуулар уланууда.

2080940
Украина аннексияланган Крымда Россияга таандык десанттык кемесинин жардырылгандыгын билдирди

Украинанын аба күчтөрү бир тараптуу аннексияланган Крымда Россияга таандык десанттык кемесинин жардырылгандыгын билдирди. 

Россия жана Украинанын ортосунда Крым жана айланасындагы кагылышуулар уланууда.

Украинанын аба күчтөрү тарабынан жасалган билдирүүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат  02:30 чамаларында Феодосия шаарынын жээгине жасалган абадан кол салууда Россиянын Кара деңиз флотуна караштуу «Новочеркасск» десант кемесинин канаттуу ракеталар менен атылгандыгы белгиленди.

Украинанын аскердик аба күчтөрүнүн командири Николай Олещук  билдирүүсүндө : "Россиянын флоту акырындык менен кичирейүүдө. Аскердик аба күчтөрүнүн учкучтарына жана буга  катышкандардын баарына ыракмат",- деп билдирди.

Россиянын Крым губернатору Сергей Аксенов болсо Украинанын абадан кол салуусунда  1 кишинин каза болгондугун, 2 кишинин жаракат алгандыгын белгиледи. 

Украина тарабынан жасалган кол салуудан улам  шаардын портунда өрт чыкканын жана өрттүн кыска убакытта көзөмөлгө алынганын белгилеген Аксенов, бардык чукул кызматтардын аянтта болгонун жана көп сандаган үйдүн эвакуацияланганын билдирди.

Россиянын коргоо министрлиги да кол салууда кеменин зыян тарткандыгын жарыялады.

Украинанын аба күчтөрү кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат  18:30 жана бүгүн  03:00га чейин Россиянын Иранда жасалган учкучсуз учуучу аппараттары менен Украинага кол салуу жасагандыгын билдирди. 

Билдирүүдө 19 учкучсуз учуучу аппараттардан 13нүн Одесса, Херсон, Николаев жана Хмельницкий облустарында жок кылынганы белгиленген.

 



Тектеш кабарлар