Нигериядагы кыштактарга кол салуу

Нигериянын Платеау аймагы соңку кездери куралчан кишилердин кол салууларына дуушар болууда.

2080691
Нигериядагы кыштактарга кол салуу

Нигериянын Платеау аймагында куралчандардын кыштактарга кол салуусунан 100дөн ашуун адам каза тапты.

Боккос аймактык башчысы Мондай Каса өз билдирүүсүндө, куралчан кишилердин Платеау провинциясынын Боккос жана Баркин-Лади аймактарындагы айылдарга кол салышканын айтты.

Кол салууларда 100дөн ашуун кишинин каза болгонун, ондогон кишинин жараланганын белгилеген Каса, көп сандаган кишинин да барымтага алынганын кабарлады.

Мондай Каса кол салууларда барымтага алынгандарды табуу үчүн аймакка коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгенин айтты.

Кол салууларда көп сандаган үйдүн өрттөлгөнүн билдирген Каса, куралчан кишилердин айылдагы азык-түлүктөрдү да алып кеткенин түшүндүрдү.

Каса, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенин маалымдады.

Бир тараптан Платеаунун губернатору Калеб Мутфванг кол салууларды айыптап, коопсуздук бөлүмдөрүнө жооптууларды тез арада кармоону тапшырды.

Нигериянын Платеау аймагы соңку кездери куралчан кишилердин кол салууларына дуушар болууда.



Тектеш кабарлар