Израилде 3 израилдик туткундун өлтүрүлүшү тууралуу алдына ала тергөө аяктады

Израилдин  7 -  октябрдан бери кол салууларын уланткан Газанын Шучайя аймагында 15 - декабрда израилдик күчтөр тарабынан 3 израилдик туткундун өлтүрүлүшүнө байланыштуу алдын ала тергөөнүн аяктаганы жарыяланды.

2081036
Израилде 3 израилдик туткундун өлтүрүлүшү тууралуу алдына ала тергөө аяктады

Израиль аскерлеринин  15 -  декабрда Газа тилкесинде "жаңылыштык менен өлтүргөнү" билдирилген 3 израилдик туткунга байланыштуу алдын ала тергөөдө израилдик аскерлерге «согуша ала турган эркектерди өлтүрүү буйругунун" берилгендиги ортого чыкты. 

Израилдин  7 -  октябрдан бери кол салууларын уланткан Газанын Шучайя аймагында 15 - декабрда израилдик күчтөр тарабынан 3 израилдик туткундун өлтүрүлүшүнө байланыштуу алдын ала тергөөнүн аяктаганы жарыяланды.

Израиль армиясынын 828 -  бригадасынан берилген тергөөгө байланыштуу билдирүүдө Шучайя аймагындагы аскерлерге окуя болгон күндө жаңы буйрук берилгендиги белгиленди. 

Тергөөнүн жүрүшүндө аскерлерге «өздөрүнө жакындаган согуша ала турган курактагы эркектерге ок атуу буйругунун» берилгени ортого чыкты. 

Билдирүүдө мындай буйруктун Израиль аскерлерине бир күн мурда жарандык кийимчен кишилердин кол салуусу үчүн берилгени талкууланды.

Израиль армиясынан 15 -  декабрда берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : Израиль армиясынын күчтөрү  Шучайядагы кагылышуулар учурунда 3 израилдик барымтаны жаңылыштык менен коркунуч катары аныктады. Жыйынтык катары аскерлер аларга ок атышты жана өлтүрүлдү",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар